Өлкөнүн беш шаарында жана айыл аймактарында Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонддорун түзүү жана иштетүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырылат. Финансы министрлиги жана бир катар коммерциялык эмес уюмдар кызматташуу жана өз ара аракеттешүү боюнча кол коюшкан меморандумга ылайык, жарандарга өз аймактарындагы бюджеттик чечимдерге активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берүү, коомчулукка пайдалуу долбоорлорду колдоо жана алардын ишке ашышына көмөктөшүү каралат.
Финансы министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жана методикалык жардам көрсөтөт, ал эми өнөктөш уюмдар окуу программаларын өткөрүп, калк арасында маалыматтык кампанияларды уюштуруп, демилгелүү топторду долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында колдойт.
Бул пилоттук долбоор жергиликтүү коомчулуктун бюджетти башкаруудагы ролун күчөтүүгө, каражаттарды ачык-айкын бөлүштүрүүгө жана фонддордун эффективдүү иштешине шарт түзөт.

