Шейшемби күнү Тарик Рахман Бангладештин премьер-министри катары ант берди. Ал өткөн жумада өткөн жалпы шайлоодо өлкөдөгү эң ири оппозициялык күч — Бангладеш улутчул партиясы менен жеңишке жеткен.
Өткөн бейшембиде Бангладеште 2024-жылы студенттер негизинен уюштурган ири нааразылыктардан кийин бийликтен кеткен мурдагы премьер-министр Шейх Хасинанын өкмөтү кулагандан бери алгачкы ирет жалпы шайлоо өткөн. Хасина өлкөнү болжол менен 15 жыл башкарган.
Азыр Рахман жетектеген партия парламенттеги 300 орундан 209 мандатка ээ болду. Тарик Рахман — өлкөнүн биринчи аял премьер-министри болгон маркум Халеда Зианын тун уулу. Ал ыктыярдуу сүргүндөн кийин декабрда Улуу Британиядан мекенине кайтып келген.
Рахман шайлоочулардын кеңири колдоосуна ээ болуп, мурдагы катаал башкаруудан айырмаланган саясат жүргүзөрүн баса белгилеген.
Өлкөдө саясатчылар менен мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупция күч алып, жогорку окуу жайларын бүтүргөн жаштар арасындагы жумушсуздук 13 пайыздан ашкан. Айрыкча жаш муун коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү талап кылууда.

