Башкы беткеСаясат жана коомКоомМүрзөгө эстелик коюнун эрежелери бекиди

Мүрзөгө эстелик коюнун эрежелери бекиди

Кыргызстанда гранит жана мрамордон жасалган мүрзө таштарын орнотууга тыюу салынды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сөөк коюунун жаңы эрежелерин камтыган документке кол койду.
Бул эрежелердин сакталышын Курулуш министрлиги, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги көзөмөлдөйт. Мүрзө таштарын орнотуу үчүн гранит жана мрамордон тышкары асыл таштарды жана люкс металл тосмолорду колдонууга болбойт. Эстелик 0,7 метрден жогору болбошу керек. Тосмолор жыгачтан же металлдан жасалган жупуну конструкцияларды колдонсо болот. Мүрзө ташындагы жазуулар так жана аты-жөнү, фамилиясы, туулган жана өлгөн жылы көрсөтүлүшү керек. Диний символдорду колдонсо болот.
Жаңы эрежелер динине, социалдык абалына, расасына, жынысына жана улутуна карабастан бардыгына тиешелүү.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар