Бүгүн IV Элдик курултайдын экинчи күнү

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик курултайдын экинчи күнү өтөт.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат катышууда. Ошондой эле иш-чарага чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин жана диний конфессиялардын өкүлдөрү чакырылган.

Курултайдын иши УТРКнын эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт. Түз алып көрсөтүү саат 10:00дө башталат.

Эске салсак, курултайдын биринчи күнүндө болжол менен 150 делегат сөз сүйлөп, унаа жолдорун оңдоо жана куруу, суу менен камсыздоо объекттерин жана социалдык мекемелерди жаңылоо, аймактарда жеткиликтүү турак жай куруу маселелерин көтөрүшкөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз