Президент Садыр Жапаров IV Элдик Курултайда сүйлөп жатып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн бюджеттик каражаттарды жоопкерчилик менен пайдаланууга жана аймактарды өзүн-өзү камсыз кылган деңгээлге чыгарууга чакырды.
Мамлекет башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүнгөн каражаттардын келечеги тууралуу терең ойлонуп, өнүгүүгө багытталган ар бир сомдон реалдуу жыйынтык чыгарууга тийиш экенин баса белгиледи. Анын айтымында, ар бир аймак конкреттүү жыйынтык көрсөтүп, өз күчүнө таянган экономика түзүп, акырындап дотациядан чыгууга умтулушу керек.
«Инфратүзүмгө, экономикага же социалдык долбоорлорго жумшалган ар бир тыйын элге реалдуу пайда алып келиши зарыл», — деди Президент.
Садыр Жапаров коомдо айтылып жүргөн «бирөөлөргө көп, бирөөлөргө аз берилет» деген пикирлердин негизсиз экенин белгилеп, Кыргызстан бирдиктүү жана бөлүнгүс мамлекет экенин айтты. «Бир аймактын ийгилиги — бүтүндөй мамлекеттин ийгилиги», — деп кошумчалады ал.
Ошондой эле Президент аймактарга бирдей мамиленин айкын мисалы катары 2026-жылы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленерин эске салды. Бул бардык аймактар мамлекет үчүн бирдей баалуу экенин көрсөтөт.
Жыйынтыгында Садыр Жапаров мамлекет каржылоону улантарын, бирок ар бир бөлүнгөн каражаттан так натыйжа талап кылынарын билдирди. «Биздин максат — акыйкат, биримдиктүү жана күчтүү мамлекетти куруу. Ар бир аймак, ар бир шаар тең укуктуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек», — деп жыйынтыктады Президент.


