Кыргызстанда жалпысынан 70 миңге жакын батир курулуп жатат

Президент Садыр Жапаров IV Элдик Курултайда сүйлөп жатып, өлкө боюнча жүргүзүлүп жаткан турак-жай программасынын натыйжалары тууралуу маалымдады. Ал белгилегендей, программа Кыргызстандын бардык жарандары үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга реалдуу салым кошту.

Мамлекет башчысы 2025-жылы батирлерди берүү боюнча тарыхый жыйынтыктарга жетишилгенин айтты. Мамлекеттик ипотекалык компания 4 600дөн ашык үй-бүлөгө батир берген, бул акыркы төрт жылдагы жалпы турак-жайлардын жарымын түзөт. 2021-жылдан бери өлкө боюнча 9 250 үй-бүлө өз үйлөрүнө ээ болгон.

«Менин үйүм» мамлекеттик программасы чыныгы элдик долбоорго айланды, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров. 2025-жылы турак-жай курулушуна бөлүнгөн каражат 40 миллиард сомдон ашкан, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу бир нече эсеге көп.

Президент учурда республиканын бардык аймактарында жалпысынан 70 миңге жакын батир курулуп жатканын, негизги жүк Бишкек жана Чүй облусуна түшкөнүн, бирок Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Нарын облустарына да мамлекет татыктуу колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

«Кыргызстан ар бир адамдын эмгеги татыктуу жашоо менен бааланган өлкө болушу керек», — деп кошумчалады Садыр Жапаров. Ал мамлекет ресурстарды бөлүштүрүп гана тим болбостон, баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзгөн, ар бир үй-бүлөгө жана алыскы аймактарга да жеткен камкор өлкө болууга тийиш экенин белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз