Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев спортто жогорку натыйжаларга жетишкен спортчуларды сыйлап, бир катар балбан жана боксчуларга батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи эркин күрөш боюнча улуттук чемпионаттын финалдык этабында өттү. Камчыбек Ташиев иш-чаранын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн куттуктап, аларга мындан аркы спорттук карьерасында ийгиликтерди каалады.
Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө буга чейин дүйнөлүк аренада ийгиликтерди жараткан 6 спортчуга Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык батирлер белекке берилди.
Батир алган спортчулар:
- Айпери Медет кызы (эркин күрөш) — 3 бөлмөлүү батир;
- Асан Жанышов (грек-рим күрөшү) — 2 бөлмөлүү батир;
- Ихтияр Нишонов (бокс) — 1 бөлмөлүү батир;
- Омар Ливаза (бокс) — 1 бөлмөлүү батир;
- Смадияр Жумакадыров (грек-рим күрөшү, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батир;
- Адилет Жапаркулов (эркин күрөш, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батирдин документтери.
Белгилей кетсек, мамлекет тарабынан спортчуларды колдоо иштери улантылып, эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргоп жүргөн атлеттерге өзгөчө көңүл бурулууда.

