Башкы беткеСаясат жана коомКоомБУУнун расалык дискриминацияны жоюу боюнча диалогу өттү

БУУнун расалык дискриминацияны жоюу боюнча диалогу өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чынгызбек Мамат уулу 1-2-майда Женевада БУУнун расалык дискриминацияны жоюу боюнча комитети менен диалогго катышты.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара расалык дискриминацияны жоюу боюнча бардык формадагы конвенциянын алкагында өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында өткөрүлдү.

Чынгызбек Мамат уулу өлкөнүн жарандар үчүн, анын ичинде мигранттар жана аялуу топтор үчүн теңдик мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, ошондой эле социалдык коргоо жана эмгек укуктары чөйрөсүндө мыйзамдарды жакшыртуу боюнча жасаган кадамдарын сунуштады.

Министрдин орун басары өлкө адам укуктары жана социалдык адилеттүүлүк принциптерин ишке ашыруу үчүн даяр экенин белгиледи.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар