whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.03.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарДостук айылы кайсы аймакка көчүрүлөрү аныкталды

Достук айылы кайсы аймакка көчүрүлөрү аныкталды

Баткен районунун Достук айылынын жергиликтүү бийликтери жана тургундары көчүрө турган жерди аныкташты. Бул тууралуу облустун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Достук айылынын тургундары менен жолугушуп, элди кайда көчүрүү маселесин талкуулашты.

Жыйынтыгында айыл элинин макулдугу менен баары Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерине көчүрүү чечими кабыл алынды. Аталган аймак Баткен шаарынын аймагы менен чектешет.

Натыйжада ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкесине мамлекет тарабынан бардык шарты менен турак үй курулуп берилет. Жалпы 71 үй курулат.

Мындан сырткары, мамлекеттик актысы бар жер тилке ээлерине беш сотыхтан турак жай салуу үчүн жер тилкеси берилет.

Ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлери үчүн Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы 9 гектар жер бөлүнүп берилет.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессинин жыйынтыгы менен Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өткөн. Ага ылайык айыл эли башка аймакка көчүрүлүүдө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар