Бишкекте жер мунапысы боюнча комиссия жарандардын арыздарын кароодо

Борбор калаа Бишкек шаарында жер мунапысына байланыштуу иштер активдүү уланууда. Бул багыттагы иштер Айбек Джунушалиев тарабынан берилген тапшырманын негизинде жүргүзүлүүдө.

Шаар мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мунапыска кирген объектилер боюнча комиссиянын ишин улантып жатат.

Маалыматка ылайык, Ленин районунда:

  • 214 арыз жактырылган,
  • 97 материал коомдук билдирүүгө чыгарууга сунушталган,
  • 5 материал кошумча корутунду алуу үчүн шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Ошондой эле жарандардын арыздарынын негизинде 417 материалды кароодон баш тартуу чечими кабыл алынган.

Жер мунапысы боюнча иштер мындан ары да улантылары белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз