Башкы беткеЭл аралык мамилеБишкекте кыргыз-беларусь ишкерлеринин бизнес-форуму өтөт

Бишкекте кыргыз-беларусь ишкерлеринин бизнес-форуму өтөт

Бишкекте Кыргызстандын жана Беларустун ишкерлерин бириктирген бизнес-форум пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, форумга даярдыктар Беларусь Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен талкууланды. Султанбаев бизнес-форумдун Кыргызстан менен Беларустун ишкерлеринин түз байланыштарын бекемдөө аракеттеринин уландысы экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын июнь айында кыргыз-беларусь бизнес-форуму Минск шаарында өткөн. Ошондой эле элчи ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштардын бекемделиши соода жүгүртүү көлөмүнүн акыркы эки жылда дээрлик эки эсеге өскөнүн маалымдады: 2023-жылы – 117,7 млн доллар, 2025-жылы – 206,8 млн доллар. Анын ичинде Кыргызстандын экспорту 30%дан ашык өскөн (2023-жылы – 33 млн доллар, 2025-жылы – 44,6 млн доллар).

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар