Башкы беткеЭл аралык мамиле«Гуанчжоу–Бишкек–Гуанчжоу» жаңы аба каттамы ачылды

«Гуанчжоу–Бишкек–Гуанчжоу» жаңы аба каттамы ачылды

Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы «Гуанчжоу–Бишкек–Гуанчжоу» багыты боюнча жаңы эл аралык аба каттамын ишке киргизди. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгачкы рейс «Манас» аэропортуна 134 жүргүнчү менен келип, кайра Гуанчжоу шаарына 104 жүргүнчү учуп кеткен. Жаңы каттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Авиакаттамдын ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташуунун натыйжасы болуп, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ошондой эле бул кадам транспорттук, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

«Бул каттамдын ачылышы — Кыргызстандын аба каттам тармагын кеңейтүү жана эл аралык байланыштарын чыңдоодогу маанилүү кадам. Биз жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууларды өнүктүрүүдө чоң потенциалды көрүп жатабыз», — деди «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын коммерция боюнча директору Аман Мамаев.

Белгилей кетсек, China Southern Airlines буга чейин эле Бишкек–Бээжин багыты боюнча жумасына алты жолу каттам аткарып келет.

Гезит

Война и вода

Ахиллесова пята пустынных стран      Ближний Восток десятилетиями жил в парадигме «нефть в обмен на безопасность». Нефть и газ давали деньги, но именно опреснение дало...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар