Башкы беткеЭл аралык мамилеАКШ Ирандын мунай экспортунун негизги борборун бутага алууда

АКШ Ирандын мунай экспортунун негизги борборун бутага алууда

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын мунай экспортунун негизги түйүнү болгон Харг аралын көзөмөлгө алуу ыктымалдыгын четке какпай турганын билдирди. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына жазды.

Анын айтымында, Вашингтон Иранга карата ар кандай варианттарды, анын ичинде Харг аралын басып алуу операциясын да караштырып жатат. Трамп бул мүмкүн болгон кадамды Венесуэладагы кырдаал менен салыштырды.

«Мүмкүн, биз Харг аралын алабыз, балким — жок. Бизде варианттар көп», — деди ал.

Ошол эле учурда эксперттер мындай сценарий олуттуу тобокелдиктерди жаратарын белгилешет. Алардын айтымында, бул аскердик жоготууларды көбөйтүп, чыр-чатактын узакка созулушуна алып келиши мүмкүн. Кырдаалдын курчушуна байланыштуу АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскер күчтөрүн жөнөтүүдө. Ормуз кысыгы аймагында чыңалуунун күчөшү мунай баасына да таасирин тийгизип, ал 50%дан ашык кымбаттады.

Учурда Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине 115–116 долларга чейин жетти.

Гезит

Война и вода

Ахиллесова пята пустынных стран      Ближний Восток десятилетиями жил в парадигме «нефть в обмен на безопасность». Нефть и газ давали деньги, но именно опреснение дало...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар