Бишкек шаарында жылуулук насосторун орнотуу аркылуу абанын булганышын азайтуу боюнча жаңы долбоор башталды.
Бул иш-чара Германиянын, Европа биримдигинин жана Швейцариянын өкмөттөрүнүн колдоосу менен ишке ашууда. Долбоорду GIZ уюму жүргүзүп жатат.
Макулдашууга “Чистый выбор” компаниясынын жетекчиси Худайберди Мавлянов, “Валор Саммит Капитал” компаниясынын башчысы Эндрю Хаусон, ошондой эле бир нече өнөктөш уюмдар кол коюшту.
Алгачкы этапта быйыл Бишкек жана Чүй облусунда 200–300 жылуулук насосу орнотулат. Эндрю Хаусондун айтымында, бул долбоор көмүрдүн ордуна экологиялык таза энергия колдонууга жол ачат жана абанын булганышын азайтат.
Нуржан Аспандияр, долбоор эл аралык Gold Standard стандарты боюнча катталарын айтып, бул демилге дүйнөлүк экологиялык талаптарга жооп берерин белгиледи.
Худайберди Мавлянов болсо жылуулук насосторунун ишин мындай түшүндүрдү:“Бул насостор жылуулукту абадан же жерден алып, отун жагылбай эле үйдү жылыта алат. Бул — таза аба жана энергияны үнөмдөө үчүн чоң жардам.”
Долбоордун негизги максаты — экологияны коргоо, энергияны үнөмдөө жана жашыл технологияларды өнүктүрүү.

