Башкы беткеМаанилүүЖогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн арыз кабыл алуу эртең аяктайт

Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн арыз кабыл алуу эртең аяктайт

Эртең, 30-октябрда саат 18:00гө чейин, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден арыз кабыл алуу аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

Маалыматка караганда, 28-октябрга карата 531 адам талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз тапшырган.

БШК билдиргендей, шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталып, 29-ноябрга чейин уланат. Ал эми добуш берүү күнү — 30-ноябрь.

Алдын ала тизмеге ылайык, Кыргызстан боюнча 4 миллион 287 миңден ашуун шайлоочу катталган. Шайлоо үчүн өлкө аймагында 2492, ал эми чет мамлекеттерде 91 шайлоо тилкеси даярдалган.

Боршайком жарандарды шайлоо процессине активдүү катышууга жана үгүт маалында мыйзам талаптарын сактоого чакырды.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар