Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён АКШ президенти Дональд Трамптан өлкөгө атомдук сууга чөкмө кайыктар үчүн күйүүчү май алууга уруксат берүүнү үмүт кылаарын билдирди. Бул тууралуу Report агенттиги Reutersке шилтеме берип жазды.
«Биз атомдук сууга чөкмө кайыктарды курууну көздөбөйбүз, бирок дизелдик кайыктар терең сууда аз убакытка гана жүрө алат. Ошондуктан Түндүк Кореянын же Кытайдын сууга чөкмө кайыктарын көзөмөлдөөдө кыйынчылыктар жаралат», — деди Ли президент Трамп менен жолугушууда.
Президент Ли белгилегендей, эгерде АКШ Түштүк Кореяга атомдук күйүүчү май жеткирүүгө жана кадимки курал менен жабдылган бир нече сууга чөкмө кайык курууга уруксат берсе, анда бул АКШнын аскердик күчтөрүнө түшкөн жүктү бир топ азайтмак.
Ошондой эле Ли Чжэ Мён Трамптан Түштүк Кореяга пайдаланылган ядролук отунду кайра иштетүү жана уран байытуу боюнча уруксат берүү маселесинде колдоо көрсөтүүнү суранды.

