Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози «Камактагы күндөлүк» аттуу жаңы китеп чыгарат. Ал 10-декабрда сатылууга чыгат. Fayard басмаканасы билдиргендей, мемуар 216 беттен турат жана анда Саркози түрмөдө өткөргөн үч жума тууралуу кеңири баяндаган. Саркози китептин жарык көрөрүн X социалдык түйүнүнөн өзү да маалымдап, камактагы жашоо «караарга эч нерсе, кылчууга эч иш жок» экенин белгилеп үзүндү келтирген.
Николя Саркози 2007–2012-жылдары Франциянын президенти болгон. Ал Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин ичинен жана Франциянын согуштан кийинки тарыхында түрмөдө жаза өтөгөн алгачкы экс-президент болуп калды. Ал 21-октябрда камакка алынган. Париж соту аны 2007-жылдагы президенттик шайлоо кампаниясы үчүн мыйзамсыз каражат алуу максатында кылмыштуу сүйлөшүүгө барган деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Саркози айыптоолорду толугу менен четке кагып, өкүмгө апелляция берген. Аны кароо келерки жылдын жаз айына белгиленген.
10-ноябрда Париждин Апелляциялык соту адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырып, Саркозини камактан бошотуп, аны соттук көзөмөлдө кармоо чечимин чыгарган. Жакында чыгатын китеп Францияда чоң кызыгуу жаратты, анткени анда мурдагы президенттин камактагы күнүмдүк жашоосу жана болуп өткөн окуяларга болгон жеке көз карашы биринчи жолу кеңири баяндалат.


