Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТүркия Республикасы түзүлгөнүнө 102 жыл толду

Түркия Республикасы түзүлгөнүнө 102 жыл толду

Бүгүн, 29-октябрда, Түркия Республикасы түзүлгөнүнө 102 жыл толду. Бул күн түрк элинин тарыхындагы жаңы доордун башаты болуп, мамлекеттүүлүктүн негизги урааны — «Эгемендүүлүк толугу менен элге таандык» — мамлекеттик башкаруунун өзөгүнө айланган.

1923-жылдын 29-октябрында Мустафа Кемаль Ататүрктүн жетекчилиги менен Түркия расмий түрдө республика деп жарыяланган. Ошондон тартып бул күн түрк элинин эң башкы улуттук майрамы — Республика күнү катары белгиленип келет.

Түркиянын республикалык түзүлүшүнө алып келген жол 1920-жылдын 23-апрелинде, улуттук-боштондук күрөш маалында Улуттук жыйындын (ВНСТ) ачылышы менен башталган. Бирок өлкөнүн эгемендүүлүгү эл аралык деңгээлде 1923-жылдын 24-июлунда Лозанна келишими аркылуу гана таанылган.

Анкара 1923-жылдын 13-октябрында расмий түрдө Түркиянын борбору болуп жарыяланган. Ошол учурда өлкөнү Улуттук жыйындын төрагасы Мустафа Кемаль Ататүрк жетектеп турган.

25-октябрда өкмөт отставкага кеткенден кийин саясий кризис жаралып, Ататүрк бул кырдаалды мамлекеттин жаңы башаты — республика жарыялоо үчүн мүмкүнчүлүк катары пайдаланган.

1923-жылдын 28-октябрына караган түнү Ататүрк жана Исмет Иноню 1921-жылкы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдашкан. Кийинки күнү — 29-октябрда, Түркия расмий түрдө республика деп жарыяланган, ал эми Ататүрк өлкөнүн алгачкы президенти болуп шайланган.

Бүгүн Түркия боюнча миллиондогон адамдар бул тарыхый күндү салтанаттуу иш-чаралар, параддар жана концерттер менен белгилеп, Ататүрктүн мурасына болгон урматын билдиришүүдө.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар