13-ноябрда Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери түнкү рейд өткөрүп, кафе-ресторандар жана оюн-зоок жайлар саат 22:00дөн кийин ишин токтотууга милдеттендирилди.
Шаар бийлигинин айтымында, талап кышкы мезгилде электр энергиясын үнөмдөө жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамды аткаруу максатын көздөйт.
Ош мэри Жеңишбек Токторбаев талапты аткарбаган ишканалардын жарыгын бир айга өчүрүү тапшырмасын берди:
«Рейдде аныкталган жайларды бир айга жаап, тарбиялап коёбуз», — деди ал. Бишкек мэриясы да түнкү мезгилде шаардын тынчтыгын камсыз кылуу үчүн ресторан, түнкү клуб жана башка жайлардын ишин 22:00дө токтотууну буйрук кылды.
Бул чаралар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин 13-ноябрдагы кайрылуусунан кийин күчөдү. Ал «Тынчтык жөнүндө» мыйзам талаптары аткарылбай жатканын айтып, жергиликтүү бийликтерге 22:00дөн 7:00гө чейин ишин токтотпогон жайлардын жарыгын өчүрүүнү тапшырган.
Ошол эле учурда, мыйзамдын автору, депутат Дастан Бекешев аталган мыйзамда мекемелерди жаап салуу тууралуу норма жок экенин, болгону үн басымына байланышкан чектөөлөр гана каралганын белгиледи.

