whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.12.2025
-6.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаДем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

15-16-ноябрда Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү саат 09:00дөн 19:00гө чейин уюштурулуп турат.

«Жарманкени уюштуруунун максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын июнь айына чейин ар ишемби, жекшенби күндөрү Бишкек шаарында социалдык маанилүү продукцияларды сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлүп турат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар