Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБүгүнтөн тарта ваучер алууга өтүнмө башталды

Бүгүнтөн тарта ваучер алууга өтүнмө башталды

Бүгүнтөн тарта пилоттук режимде 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарга 1000 ваучер бөлүнүп бериле баштады. Буга байланыштуу balalyk.edu.gov.kg порталында электрондук өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталганын Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чара Министрлер Кабинетинин калктын социалдык жактан аярлуу катмарларындагы балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө токтомунун негизинде, жеке менчик бала бакчаларга жайгаштыруу үчүн жүзөгө ашырылууда.

Өлкө боюнча миң квота бөлүнүп, негизги наркы 2000 сом деп көрсөтүлгөн.

Маалымат үчүн: ваучер — бул билим алуу үчүн кандайдыр бир суммага чегерилген купон же билет. Ваучердик каржылоону мектепке чейинки билим берүү тармагына киргизүүнүн максаты: балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук камтуу, калктын аяр катмарына билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар