Түркия Коргоо министрлиги C-130 үлгүсүндөгү бардык аскердик учактардын учууларын убактылуу токтотту. Бул чечим Грузиянын Сигнахи муниципалитетинде, Грузия–Азербайжан чек арасына жакын жерде түрк Аскер-аба күчтөрүнө таандык C-130 учагы кулагандан кийин кабыл алынды. Маалыматты TRT Haber таратты.
Министрликтин билдирүүсүндө:
«Учулар бардык техникалык текшерүүлөр жана изилдөөлөр толук аяктагандан кийин гана кайра жанданышы мүмкүн» деп айтылды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, кырсыктаган учакта ок-дарылар болгон эмес. Ал жеке курамды жана учактарды тейлөө үчүн керек болгон жабдууларды ташып бараткан.
Министрлик кырсыктын себептерин азырынча айтууга эрте экенин белгиледи. Түрк басылмасы Karar жазгандай, тергөөчүлөр техникалык мүчүлүштүк версиясын изилдеп жатышат.
Кырсык болгон C-130 Hercules Түркия тарабынан Сауд Аравиясынан 2012-жылы сатып алынган. Ал 2022-жылы модернизациядан өтүп, акыркы техникалык тейлөөсү 2024-жылдын 11-сентябрынан 12-октябрына чейин жүргүзүлгөн.
Учак 11-ноябрда кулап, 20 адам каза тапкан.


