Британдык телерадиокорпорация BBC АКШ президенти Дональд Трамптан расмий түрдө кечирим сурады, бирок анын компенсация төлөтүү талабын четке какты. Бул тууралуу корпорация өзү билдирди.
Маалыматка караганда, жаңжал былтыркы “Панорама” программасына байланыштуу чыккан. Анда Трамптын 2021-жылдын 6-январындагы сүйлөгөн сөзүн монтаждоо учурунда бир нече фразалар жасалма түрдө бириктирилип, ал Капитолийди штурмдоого түздөн-түз чакыргандай таасир калтырган.
Смонтулган версияда Трамптын сөздөрү мындай угулган:
«Биз Капитолийге барабыз, мен силер менен болом, биз күрөшөбүз. Акырына чейин күрөшөбүз», ал эми чындыгында бул фразалар бир саат айырма менен айтылган.
Программа АКШдагы шайлоого бир жума калганда эфирге чыккан.
BBC төрагасы Самир Шах монтаж “жоопкерчиликсиз жасалганын” мойундап, Кошмо Штаттардын Ак үйүнө жеке кат жөнөткөн. Компания бул чыгарылышты кайрадан көрсөтпөй турганын да билдирди. Окуянын фонунда корпорациянын башкы директору Тим Дэви жана жаңылыктар кызматынын жетекчиси Дебора Тернесс кызматтан кеткен.
Трамптын адвокаттары BBCни сотко берип, 1 млрд долларлык доо коюу ниетин билдиришкен. Алар корпорациядан үч талап коюшкан:
— четке кагуу,
— расмий кечирим,
— жана компенсация.
BBC кечирим суроого макул болгону менен, компенсация төлөөгө негиз жок экенин белгиледи.


