Башкы беткеМинистрлер кабинетиТигүү тармагындагылар үчүн милдеттүү төлөмдөр төмөндөтүлдү

Тигүү тармагындагылар үчүн милдеттүү төлөмдөр төмөндөтүлдү

Кыргызстанда тигүү тармагында иштеген кызматкерлер үчүн милдеттүү төлөмдөр төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы тигүү тармагы үчүн 0,25 пайыз өлчөмүндөгү бирдиктүү салык ставкасы киргизилген. Бул өндүрүш тармагы үчүн эң төмөнкү ставка болуп эсептелет. Мисалы, башка өндүрүштөрдө накталай эсептешүүдө 4 пайыз, ал эми накталай эмес эсептешүүдө 2 пайыз салык алынат.

Ошондой эле чакан бизнес өкүлдөрүнүн айрымдары үчүн патент менен иштөө мүмкүнчүлүгү сакталган. Мисалы, чакан тигүү цехтеринде 10 тигүү машинасы үчүн 2 миң сом, дагы 10 машина үчүн 1 миң сом төлөнөт. Бирок ар бир патент боюнча жүгүртүү 8 млн сомдон ашпоого тийиш.

Кубанычбек Ысабековдун айтымында, тармактагы негизги маселе бирдиктүү салыктын ставкасына эмес, кызматкерлер үчүн төлөнүүчү киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө байланыштуу болгон. Мурда бул төлөмдөр кызматкерлердин категориясына жараша 5,5 миң сомдон 9,5 миң сомго чейин жеткен.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, бардык категориялар бириктирилип, милдеттүү төлөмдөр 2,5 миң сомго чейин төмөндөтүлдү. Натыйжада төлөмдөр 3–4 эсеге кыскарган.

Анын белгилешинче, тигүү тармагы өлкө үчүн социалдык жактан маанилүү тармактардын бири болуп саналат. Анткени бул тармакта миңдеген адамдар иштейт. Ошондуктан мамлекет бизнестин мыйзамдуу жана туруктуу иштеши үчүн шарттарды түзүүгө кызыкдар.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар