Япониянын түштүгүндө жайгашкан Кирисима тоо кыркасындагы Синмоэ жанар тоосу кайрадан активдешти. Жанар тоонун атылышы маалында чыккан түтүн 5,5 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлгөнүн, РИА Новости Япониянын Башкы метеорологиялык агенттигине таянып кабарлады.

Атылуудан кийин коопсуздуктун үчүнчү деңгээли киргизилип, аймактагы тургундарга жана зыяратчыларга жанар тоого 3 чакырымга чейин жакындабоо эскертилди.

Бул окуя Синмоэ жанар тоосунун 3-июлдан кийинки алгачкы олуттуу атылышы болуп калды. Ошол убактан бери биринчи жолу түтүн 5000 метрден жогору көтөрүлдү. Кыска убакыт ичинде бир нече жолу атылып, түтүн 4,5 чакырым бийиктикке жеткени да катталды.

Учурда ири тоо-тектердин кулашы же пирокластикалык агымдардын агышы байкала элек, бирок вулкандык күлдүн калктуу конуштарга түшүшү мүмкүн экени четке кагылбайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз