whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомОштогу муниципалдык такси кызматы сыноо режимде иштей баштады

Оштогу муниципалдык такси кызматы сыноо режимде иштей баштады

Кечээ, 27-август кечки убакыттан тарта Ош шаарынын муниципалдык такси кызматы сыноо режиминде иштеп баштады.

Шаардык муниципалитеттин маалыматына ылайык, эко таксилер алгачкы бир жума жүргүнчүлөрдү акысыз ташып, кызмат көрсөтүүгө VIP класстагы 2 унаа, 2 «комфорт», 1 «эконом» унаа чыккан. Ага улам 10дон машина кошулуп, бир жума ичинде саны 50гө жетет.

Белгилей кетсек, 25-августта Ош шаарынын мэриясына Жалал-Абад облусунун тургунунан 10 унаа белекке берилген.

Ошондой эле шаар шаар мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы кызматты ишке киргизүү үчүн мэрия электромобилдерди сатып алып жатканын билдирген.

«Бул таксилер экологиялык жактан таза, шаарда жүрүүгө ыңгайлуу жана сапаттуу болот. Мындан ары өзүбүздүн такси кызматы менен шаардыктарга кызмат көрсөтөбүз», — деген Токторбаев.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар