whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
36.2 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Россиянын ИИМ министрлери коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Россиянын ИИМ министрлери коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

Кечээ Москва шаарында Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков жолугушту. Жолугушуунун алкагында тараптар Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын эскерип, Колокольцев кыргыз элинин согуштагы баатырдыгына жана салымына жогору баа берди.

Министрлер мыйзамсыз миграция, кибер кылмыштуулук, наркотрафик, эл аралык издөө жана башка коопсуздук маселелери боюнча пикир алышты.

“Жолугушуунун соңунда эки тарап тең кызматташтык достук жана конструктивдүү маанайда жүрүп жатканын белгилеп, мындан ары да тыгыз иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти”,-деп айтылат Кр ИИМдин маалыматында.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар