Башкы беткеСаясат жана коомКоомАрча-Бешик конушуна таза суу түтүктөрүн алмаштырууга 13,3 млн сом бөлүнөт

Арча-Бешик конушуна таза суу түтүктөрүн алмаштырууга 13,3 млн сом бөлүнөт

Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы «Арча-Бешик» конушундагы магистралдык суу түтүгүн алмаштыруу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш Күйүкова көчөсү менен Чортековадан Жылга-Сай көчөсүнө чейин жүрүп жатат. Алмаштыруу үчүн 13 млн. 349 миң сом бөлүү пландалууда.

Арыздар 28-майга чейин кабыл алынат.

2023-жылы Арча-Бешик конушунда Айылчиев көчөсүнө Ыбырайым Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабына чейин таза суу түтүктөрү тартылган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар