Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан «Мурас» турак жай комплексиндеги иштердин жүрүшүн текшерди. Компаниянын маалыматына караганда, долбоордун биринчи этабы боюнча 986 батир буга чейин пайдаланууга берилген жана учурда тургундар жашап жатышат.
Туманбаевдин айтымында, ушул жылдын аягына чейин дагы 1080 батир толугу менен бүтүрүлүп, жакын арада жарандарга тапшырылат.
Комплекстеги калган блокторду келерки жылдын аягына чейин толук аяктоо пландалууда. Жалпысынан «Мурас» комплекси боюнча 4 754 батир курулат.
Иш башкармалыктын башчысы подрядчы компанияларга сапат маселесине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Анын билдиришинче, ипотекалык үйлөрдө адамдар узак убакыт жашай тургандыктан, сапат биринчи орунда турушу керек.
Ошондой эле ал комплекс аймагына Европадан алынып келген заманбап автономдук откананын орнотулушун белгилеп, бул система энергияны үнөмдөп, коопсуз жана туруктуу жылытуу менен камсыз кыла турганын айтты.
«Мурас» турак жай комплекси – Мамлекеттик ипотекалык компаниянын эң ири долбоорлорунун бири болуп, жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыздоону максат кылат.

