Нарын шаары коммуналдык кызматтарды жана шаардык транспортту жаңылоо багытында олуттуу жардам алды. Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касмалиев иш сапарынын алкагында шаарга жаңы келген автобустарды жана атайын техникаларды расмий тапшырды.
Белгиленгендей, Нарынга 34 бирдик атайын багыттагы техника сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн, анын алкагында азырынча 11 автобус жана бир катар техникалардын ачкычтары шаардын балансына өткөрүлдү.
Бул колдоо Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашып, Нарындын транспорт жана курулуш инфраструктурасын жакшыртууга багытталган. Максатты аркалай Президенттин турукташтыруу фондунан 250 млн сом, анын ичинен 230 млн сому атайын техника сатып алууга бөлүнгөн.
Адылбек Касмалиев тапшырылган техникалар шаарга узак жылдар кызмат кылышы үчүн аларга этият жана жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.

