Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЯпонияда грипп менен ооругандардын саны кескин өсүүдө

Японияда грипп менен ооругандардын саны кескин өсүүдө

Японияда гриппке чалдыккандардын саны соңку он жылдагы эң ылдам темпте өсүп, өлкө боюнча орточо көрсөткүч эскертүү деңгээлинен ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги билдирди.
10–16-ноябрь аралыгында өлкөдөгү болжол менен 3 миң медициналык мекемесинде 145 526 грипп учурлары катталды. Ар бир мекемеге орто эсеп менен 37,73 учурдан туура келди.

Министрликтин маалыматына караганда, быйыл эскертүү көрсөткүчү былтыркы сезонго салыштырмалуу беш жума эрте аткарылды.
Эң жогорку көрсөткүч Мияги аймагында– орто эсеп менен 80,02, андан кийинкиси Сайтама – 70,01 учурду түздү. Японияда грипптик эпидемиялар адатта кышында жана жаздын аягында байкалат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар