Астанада ишемби күнү Азиядагы эң ири музыкалык телешоулардын бири болгон Silk Way Star долбоорунун гранд-финалы өттү. Шоуну Jibek Joly телеканалы түз алып берип, анын параллелдүү эфирлери Кыргызстанды кошо алганда жети өлкөдө көрсөтүлдү.
Финалдык салтанат Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин саламдашуу кайрылуусу менен ачылды. Анда долбоор Азия өлкөлөрүнүн маданий кызматташтыгын чыӊдоого салым кошкону белгиленди.
Финалда Армения, Грузия, Казакстан, Кытай, Монголия, Узбекистан жана Малайзиядан келген жети аткаруучу күч сынашты. Ар бир номер казакстандык продакшн командалар тарабынан даярдалган оригиналдуу сахналык чечимдер менен коштолду.
Жеңүүчүнү дүйнөгө белгилүү казак артисти Димаш Кудайберген жарыялады. Башкы байгени Монголиядан келген Мишель Джозеф утту. Сыйлыкты ага Казакстан президентинин Телерадиокомплексинин жетекчиси Раушан Кажибаева тапшырды.
Кажибаева долбоор Казакстан менен Кытайдын медиа кызматташтыгынын алкагында ишке ашып, эки өлкөнүн адистеринин биргелешкен эмгеги финалды чыныгы эл аралык деңгээлге чыгарганын белгиледи.
Эксперттердин айтымында, 12 өлкөнүн ырчыларын бириктирген Silk Way Star өз ара маданий диалогду бекемдеген маанилүү платформага айланып, 10 эпизоддун жүрүшүндө миллиондогон көрөрмандарды экранга тартты.

