whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.12.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыБиткойндин баасы октябрда кескин төмөндөдү: эмне болуп жатат жана мындан ары эмне...

Биткойндин баасы октябрда кескин төмөндөдү: эмне болуп жатат жана мындан ары эмне болот?

АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга жаңы тарифтерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн айткандан кийин, дүйнөлүк базарларда чыңалуу күчөп, биткойн октябрдагы чокудан кескин түшүп кетти. Криптовалюта бир нече оор жума өткөндөн кийин кайрадан кичине өсүү көрсөткөнү менен, дүйшөмбүдө жети айдан бери биринчи жолу $90 миңден төмөн түшүп, бейшембиде $91 800 тегерегине көтөрүлдү.

10-октябрдагы массалык сатуулар крипто рыногун бир эле күндө 1 триллион доллардан ашык нарктан ажыратты. Coin Bureau компаниясынын башкы директору Ник Пакриндин айтымында, баанын кулашына негизги себептер — «эски ири BTC кармоочулардан» (OGs) жапырт сатылышы, экономикалык белгисиздик жана ошол күнкү чоң көлөмдөгү позицияларды жабуу делип эсептелинүүдө.

АКШдагы кырдаал да базарга басым кылууда. Өкмөттүн убактылуу иштебей калышы маанилүү экономикалык отчетторду кечиктирип, ФРСтин декабрдагы чечимине болгон күтүүлөрдү бүдөмүк кылды. Инвесторлор пайыздык ставка төмөндөйт деген ишенимин азайта баштады.

«Биткойн барган сайын макроэкономикалык факторлорго көз каранды болуп баратат», — дейт Пакрин. Бирок баага таасир эткен жалгыз нерсе макросаясат эмес. Сассекс университетинин профессору, криптовалюта боюнча эксперт Кэрол Александер биткойндун баасынын өзгөрүлүшүн биринчи кезекте көп көлөмдө жана агрессивдүү стратегия менен соода кылган профессионал трейдерлер жаратат деп эсептейт. «Бул оюнчуларды баанын өсүшү же түшүшү кызыктырбайт, аларды баанын канчалык тез өзгөргөнү кызыктырат», — дейт Александр.

Кыскасы, биткойндун жакынкы келечеги инвесторлордун психологиясына, дүйнөлүк геосаясатка жана ири трейдерлердин жүрүм-турумуна түздөн-түз көз каранды бойдон калууда.

Гезит

Өнөрүң өркүндөсүн – Динислам Жайлаубай

Кыргыз-казак эзелтеден, бири-биринин өнөрүнө кумар, тарых-тамыры, салт-санаасы бир эл. Айрыкча, кыргыздын күлүгү болсун, жоргосу болсун казакка барып байге албаса, атагы артпайт. Казак тарабы деле...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар