whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Алтынкен" компаниясынын Ноорузга карата куттуктоосу

«Алтынкен» компаниясынын Ноорузга карата куттуктоосу

«Алтынкен» компаниясынын жетекчилиги салтка айлангандай Кемин районундагы балдарды жана улуу муунду жаз майрамы – Нооруз менен куттукташты.

Үстүбүздөгү жылдын 20-мартында «Алтынкен» компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Акыл Токтобаев жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Айгүл Курманалиева, компаниянын жана райондун  жооптуу кызматкерлери менен биргеликте Орловка шаарында жайгашкан  «Нурмеаиса» балдар үйүн жана Кемин шаарындагы «Күн шооласы» карылар үйүнүн жашоочуларын куттукташты.

Чындыгында, компания ар бир майрамда аты аталган мекемелерди көз жаздымында калтырбай куттуктап келгенин билебиз. Мындан сырткары, ар кандай жардамдарды берүүнү салтка айландырып, азык-түлүк жана өтө муктаж болгондорго жакындан жардам берип келишет. Мисалы, «Нурмеаиса» балдар үйү жана Кемин шаарындагы «Күн шооласы» карылар үйүнүн жетекчилери мындай саамалыкты сыймыктануу менен айтышат.

Майрамга карата эки социалдык мекемеге ишкана тарабынан бирден кой, 100 кг  ун, 15 литр өсүмдүк майы жана үч куту ар түрдүү жемиштерди алып барышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Акыл Токтобаев бардыгына ден соолук, бакубатчылык жана убактылуу кыйынчылыктарды жеңүүдө ийгиликтерди каалады.

Ал эми, «Алтынкен» компаниясынын өкүлдөрүнүн келгендигине  карылар үйүндө жашаган чоң аталар, чоң апалар да сүйүнүп, баталарын беришип, компаниянын кызматкерлерине бакубатчылык, жалпы жамаатка аманчылык, ишканага ийгиликтерди каалашты.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар