whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Түндүк" мобилдик тиркемеси толугу менен өзгөрөт

«Түндүк» мобилдик тиркемеси толугу менен өзгөрөт

“Түндүк” мобилдик тиркемеси жакын арада толугу менен жаңыланат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов билдирди.

Анын айтымында, мобилдик тиркеменин дизайн жана архитектурасы өзгөртүлүп, көптөгөн жаңы функцияларды кошуу пландалууда.

“Биз колдонуучулар үчүн ыңгайлуу, заманбап жана туруктуу интерфейс түзүүнү максат кылабыз. Жаңыланган версияда жаңы финансы кызматтары, ошондой эле мамлекеттик кызматтарга мобилдик тиркеме аркылуу жетүүгө мүмкүнчүлүк болот. Колдонуучулардын санариптик документтерди алуусуна, мамлекеттик органдар менен иштешүүсүнө шарт түзүлөт”, — деди Азамат Жамангулов.

Мындан тышкары, министр тиркемеге жаңы санариптик документтер, мисалы, аттестаттар, дипломдор, аскер билеттери жана башка керектүү документтер кошуларын белгиледи. Бул чечим башка мамлекеттик органдар менен биргеликте иштелип чыккан. “Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу учурунда айрым убактылуу кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бирок биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн тиркеменин иштешине чоң жылыш алып келерине ишенебиз”, — деп кошумчалады ал.

Жамангулов өзгөртүүлөр акырындык менен киргизилип, идеалдуу версиясын түзүү үчүн бир жылдан ашык убакыт талап кылынарын айтты. Ошондой эле министр Санариптик өнүктүрүү министрлиги мобилдик тиркеменин жаңылануусунун ар бир этабы боюнча жарандарга маалымат берүүнү улантарына токтолду.

“Биз иш жүзүндө ушул ишти алдыга жылдыруу үчүн чоң колдоону көрдүк. Жакында президентибиз Садыр Жапаровдун колдоосу менен “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин IT-блогунун жаңы имараты ачылды, ал эффективдүү иштөө үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган. Бул мекеме мурдагы “Инфоком” мамлекеттик мекемесинин негизинде түзүлгөн жана президенттин Иш башкармалыгына өткөн. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин аракеттери менен өлкөдө санариптештирүү жана IT-тармагын өнүктүрүү жаатында иш күчөп жатат. Бардык негизги иштеп чыгуулар жана инновациялар, анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси менен байланышкан иш-аракеттер ушул “Кызмат” мекемеси тарабынан ишке ашаууда”, — деп белгиледи министр.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар