Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Казакстан 2025-2027-жылдарга кызматташуу планына кол коюшат

Кыргызстан менен Казакстан 2025-2027-жылдарга кызматташуу планына кол коюшат

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен тар курамдагы жолугушуусу болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин президенттери буга чейин аныктаган кыргыз-казак кызматташтыгынын бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча жетишилген байланыштарды, макулдашууларды максималдуу алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 7-отурумун жана Аймактар аралык форумдун 2-отурумун өткөрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы 2025-2027-жылдарга карата кызматташуунун комплекстүү планына кол коюу сыяктуу жана башка актуалдуу кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Ал эми кеңейтилген курамдагы минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жолугушуусунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарында кызматташуу маселелери кенен сүйлөшүлөт.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар