Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 8-декабрдан 10-декабрга чейин жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74 чакырымдарында Чапчыма ашуусунда;
- Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.


