Башкы беткеМаанилүүЖалал-Абад шаарындагы бардык базарлар, унаа оңдоочу жайлар шаар сыртына чыгарылат

Жалал-Абад шаарындагы бардык базарлар, унаа оңдоочу жайлар шаар сыртына чыгарылат

Кечээ, 23-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын жана борбордук аянттын курулушунан кабар алды. Анда курулушту сапаттуу жана тез бүткөрүү, жаңы имараттын айланасын иретке келтирүү боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берилди.

Жалал-Абадда жаңы филармония салынат. Ага эки гектардан ашык жер бөлүнүп, курулушту баштоого даярдыктар жүрүүдө. Мындан тышкары, УКМК төрагасы филармониянын жанына жаңы музей салууга жер бөлүп берүү тапшырмасын койду.

Алдыда Жалал-Абад шаарынын ичиндеги бардык базарлар, унаа оңдоочу жана тейлөөчү жайлар шаар сыртына чыгарылат. Ал эми Тумөнбай Байзаков проспектиси кеңейтилип, шаар ичи толугу менен иретке келтирилет.

Камчыбек Ташиев “Жеңиш” паркындагы курулуш иштеринен кабар алды. Сейил бакты эл эс ала тургандай жайлуу, коопсуз кылып салууну жана сапатына көңүл бурууну эскертти. Аны менен катар парктагы согуш окуяларынын жана тарыхый инсандардын эстелиги үчүн өзүнчө жай уюштурууну тапшырды.

Камчыбек Ташиев чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык жарандар мекенге келип, ишкердик баштаса бийлик тарабынан колдоого алынаарын белгиледи.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар