Башкарма  

Менин бармактайымдан көңүл коюп, жүрөгүм тарткан негизги багытым, колхоз курулушу жана анын лидерлери,   чарбалардын  экономикалык жетишкендиги, колхозчулардын  жашоо турмушу болгон. Кийин айыл чарба институтуна жаңыдан студент болуп катталганда, республикадагы алдыңкы чарбалардын жетекчилеринин өндүрүш жыйынтыгын, иштөө стилин,  жакындан көрүп, билип аралаша жүргөндөй курсташтарыма айтсам таң кала угушчу.

Алдыңкы колхоздордун иш тажрыйбасын  массалык маалымат каражаттарынан тажабай окуп, угуп тургандарым жадымдан чыкчу эмес.  Ал убактагы советтик, партия-лык кызматкерлердин кабыл алынган тартиби боюнча, “күлү додо” болбой, улам жаңы кызматтарга  которула бергендерин дилимден жактырчу эмесмин. Кийинчерээк көп жылдары дегдеген,  таттуусунан ачуусу арбын, колхоз башкармасынын даамын “аябай” татканмын.

Көп жылдардан бери таң кала көксөп, терең урматтап жүргөн жаратылыш шарты катаал, Теңир Тоодогу экономикасы өнүккөн атактуу чарба тууралуу сөз козголмокчу: Нарын районуна караштуу “Жаңы Талап”колхозу, жылдын жети-сегиз айы кыш болгон Теңир Тоонун Соң-Көл, Кара-Кужур жайыттарынан башталып,  аягы 200-350 чакырым зор аянтты  ээлеген, түбөлүк тоң баскан Ак-Сай, Торугарт  жайыттарында мал чарбасын  ырааттуу жүргүзүп, күтүрөгөн төрт түлүк малын асырап баккандарга таң калбай коюу мүмкүн эмес. Ушундай татаал шартта, арттагы чарбаны отуз жыл  ийгиликтүү жетектеп, экономикалык деңгээлин республикадагы колхоздордун алдыңкысына теңеген, рентабелдүүлүгү 45-50 пайыздан төмөндөбөгөн, 3-4 миллион сом акча каражаты дамамат эркин пайдаланууда турган чарбанын башкармасы Эсеналы Дайракуновду кандайча баалабай, урматтабай коюуга  болот?

Колхоздун өз каражатына типтүү 1200 орундуу мектеп, 50 орундуу оорукана, тегирмен, күнөскана, тери иштетүүчү цех, машина-трактордук паркы тургузулуп, техникалары толук жаңыланган, көптөгөн короо сарайлар кыштоолордо салынып, аларга электр энергиясы жеткирилген, айылдарга толугу менен телефон коюлган. Республикада саамалык катары ысык, муздак суусу, канализациясы иштеген элүү үйдөн турган турак жайды курдурган. Жүздөн ашык үйлөрдү жылытууга откана курдуруп, электр кубатын пайдаланган. Алыскы жайыттарга баруучу жолдорду чарбанын эсебинен салдырып, каңдак жерлерге көптөгөн  коптаждарды курдуруп, суу чыгарткан. Өлкөдөгү керектүү өнөр жай тармактары менен өз ара келишим түзүп, чарбанын муктаждыктары аткарылып турган. Фрунзе-Нарын жогорку чыңалуудагы 110 кв.электр линиясынын курулушуна катышып, долбоордогу линияны алып өтүүгө өтө татаал Капчыгай менен эмес, Кыржол багытына которткон. Натыйжада, иш сапаттуу тез арада аткарылып, көптөгөн мамлекеттик  каражаттар үнөмдөлгөн. Акылман адамдын сунушу жогору бааланып, СССРдин ГОЭЛРОсунун юбилейлик күмүш медалы менен сыйланган.

Эсеналы Дайракунов Кыргыз ССР Жогорку Советине эки жолу депутат, Кыргызстан КП БКнын эки жолу мүчөсү болгон. СССРдин колхоздор Советинин мүчөлүгүнө үч мөөнөткө, Кыргыз Республикасынын колхоздор Советинин орунбасарлыгына эки ирет шайланган. Кажырты насостук станциясын курдуруп, көптөгөн аймактарга суу жеткизген. Мурдакы суу чарба министри, кийин СССР Кыргызглавводстройдун жетекчиси, айыл чарбасынын корифейи аталган Асан Кожомкуловдун айтканына кулак түрсөк: “Биздин мекеме менен аралашпаган бир дагы айыл чарба, өнөр жай, тоо кен  тармактары жок. Дайракунов менен иштөө өтө кызыктуу, жер шартын, өндүрүштүн уңгусун терең билгендиктен, суу курулуштарынын өзгөчөлүгүн алдын ала сезип турат. Баарлашып, ал кишинин сунуштарын колдобой кое албайсың дегенин көп жолу угуп жүрдүм.

Жогорку Кажырты, Он- Арча насос станцияларын орнотуп, беш миң гектардай жерге суу жеткирилген.

Айыл чарба институтунда катарлаш окуган жакшы санаалашым Кыргызбай Алагушев, бийик тоолуу катаал аймакка ылайыкталган жарым уяң жүндүү “Тянь-Шань”породасынын авторлору Друженьков менен Друженькованын бүтүрбөй кеткен илимий иштерин улап,  Австралиядан “корридель” тукумундагы асыл тукум кочкорлорду сатып келдик, коюбуздун кунардуулугун дагы арттырууга   чогуу    иштейли деп чакырып жатат деди. Уккан кулагыма ишенип, ишенбей турсам, Эсекем  жогорку билимдүү экономист, жалаң чыгаан чарба жетекчиси эле эмес, деңгээли ири селекционер окумуштуудай түшүнүгү бар деп сөзүн кайталап жиберди. Эки жылда “корридель” тукуму менен “күчөткүч” катары колдонуп, 60 миң кой аргындаштырылды. Натыйжада  алынган жүндүн, төлдүн салмагы көтөрүлүп баштады.

Жаңы Талап колхозунан көптөгөн кадрлар райондун, областык, айрымдары республикага тандалып, тарбияланган жетекчилерди даярдаган деңгээлге жеткен.

1977-жылдары шашылыштык менен Эсеналы Дайракуновду Ат-Башы райондук аткаруу комитетинин председателдигине документтерин даярдатып, “беседадан” өткөрүп  баштайт. Иш Турдакун Усубалиевге жеткенде, Эсеналы Дайракуновду ордунан козгобогула, андай табылгыс башкарманы түбөлүк жоготуп алабыз деп токтотуп коёт.

1987-жылы 62 жашында “алдап-соолап” пенсияга узатып жатканда, Эсеналы Дайракуновдун тажрыйбасы ашып-ташып, чарбасы дагы көтөрүлгөн деңгээлге жеткен. Нарын областынын  көптөгөн чарбалары карыздын сазына батып турса, ошол эле климаттык шарттагы Жаңы Талап колхозу чарбанын рентабели 40-50% төмөндөгөн эмес. Банкта 3-4 млн. эркин акчасы, накталай эмгек акыга төлөнүүчү эгиндери кампада жыйылып турган. Ал мезгилде СССРдин таралышын күтүп калган убак болгон. Союздагы өз алдынча тың иштеген ири комбинаттардын, эл чарбасынын  жетекчилерин, замандын агымына “тескери” иштеген советтик, партиялык кызматкерлерди  катарынан кубалап жаткан доорго туш келген заман эле.

Жаңы Талап колхозу жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Октябрь Революциясы ордени, бир нече жолу Союздун, Республиканын өтмө Кызыл Туулары менен   сыйланган. СССРдин ВДНХсында 17 жыл, Кыргыз ССРинин Ардак тактасында 20 жылдан ашык көрсөтүлүп турган.

Эсеналы Дайракуновду Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери, В.И.Лениндин жүз жылдык юбилейлик медалдары, ВДНХнын алтын,  күмүш  белгилери менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин  Ардак Грамотасын беш жолу алган.

“Кыргызга кыргыздан ашкан душман жок экендигин” миң жылдык тарыхыбыз далилдегендей,  “жалган чынын ким билет”, өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик сыйлык Социалистик Эмгектин Баатырына Дайракуновдун документтери даярдалып баштаганда, ак үй менен тымызын байланышы бар, эң жакын үзөнгүлөш “досторунун” “чымынды пилдей, чиркейди төөдөй” көрсөткөн  анонимный каттарынын негизинде, сыйлоо аракеттери  токтогон дешет. Албетте, республикада катталбаган, зор айыл чарба аянттарын  ээлегендерге, бир жери адаттан тышкары суук каптап, көчкү жүрүп, сел алып  малы чыгашага учураса, башка бийик тоолуу аймактарында  дагы жаратылыш кырсыктары адатынча  кайталанып турган. Аларга дагы чарба жетекчиси күнөөлүүбү?

Кыргыз Совет тарыхында, колхозун ийгиликтүү байыткандыгы үчүн, Социа-
листик Эмгектин Баа-тыры деген жогорку мамлекеттик сыйлыкка эки жолу жеткен бир, бир жолу сыйланган бир нече башкармаларды тизмектеп санап өтүүгө  болот. Бирок, алардын бардыгы тең климаттык шарттары ыңгайлуу болгон пахта, кызылча, тамеки жана апийим зоналарында жайланышкандан, бүтүргөн көп жылдык иш жыйынтыктарын, келтирген экономикалык байлыктарын, отуз жылдык мезгилде, түбөлүк  тоң баскан асман тиреген аска зоолуу тоолордо жүз миңдеген асыл тукум Чолпон Атанын төлүн алып, жүнүн кыркып, этин төгүп, чарбанын рентабелдүүлүгүн 45-50 пайыз-дан кемитпеген Эсеналы  Дайракуновго салыштыруу мүмкүн эмес. Жыйынтыгында, Эсеналы Дайракуновду Совет мезгилиндеги Кыргыз башкармаларынын эталону дегенге толук негиз бар.

Өмүрлөшү Керималиева Букай эжебиз, Эсеналы агабыз менен элүү жылдан ашык бирге доорон сүрүп, үй-бүлөлүк оорчулукту жеңил моюндап жашап өттү.  Эгерде байбиченин эриш-аркак колдоосу болбосо, дем алышты, отпускага чыгып өргүүнү  билбеген Эсекеңдин  отуз жылдык башкармалыгында “Жаңы Талап” колхозундагы жараткан зор   ийгиликтери болот беле, же болбойт  беле  дешип айылдаштары саймедиреп чейрек кылым өтсө дагы алигиче кеп кылып жүрүшөт.

Эки асыл адам жарым кылымдан  ашык убакыт бирге доорон сүрүп, бактылуу жашашты. Асан аттуу уулду, Эркин, Умсунай, Уултай, Тилек, Кулан, Бакытгүл, Шайлоо аттуу кыздарды тарбиялап, эрезеге жеткизип, баарын тең жогорку билимдүү, жашоонун уңгулуу   жолуна багыт беришти. Азыркы тапта уул-кыздары  уңгулуу   ата-эненин салтын улантып, бала-бакырасы, неберелери менен Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчунда  бактылуу өмүр сүрүүдө.

Эсеналы Дайракуновдун баскан жолу, элине арналган эмгеги, жашап өткөн өтөлгөлүү өмүрү, кийинки муундарга өрнөк, сабак болоруу шек жаратпайт.

Ушул макалам колхоз курулушунда жогору бааланган, залкар инсан  Эсеналы Дайракуновго  окуткан кураным, тургузган эстелигим болсун.

Мырзабек КАСЫМАЛИЕВ,
ЖКнын экс. депутаты, айыл чарба илимдеринин кандидаты

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар