Адылбек Касымалиев 113 өнөр жай объектисин өз убагында ишке киргизүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылы ишке киргизүү пландалган 113 өнөр жай объектиси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө айрым долбоорлордун кечигишине себеп болуп жаткан маселелер талкууланды. Алардын катарында жер тилкелерин трансформациялоо, инженердик инфраструктураны тартуу (электр энергиясы, суу каналдары) жана уруксат берүүчү документтерди алууда бюрократиялык тоскоолдуктар белгиленди.

Министрлер Кабинетинин башчысы бул объектилерди ишке киргизүү өлкө экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, жаңы жумуш орундарын түзүү жана бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүүдө алардын ролу чоң экенин айтты.

Ал мамлекеттик органдарды инвесторлор менен иштөө ыкмасын өзгөртүүгө чакырып, ар бир долбоорго бардык деңгээлде системалуу колдоо көрсөтүлүшү керектигин баса белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликтерге ар бир объект боюнча тоскоолдуктарды кыска мөөнөттө жоюу тапшырмасы берилди. Ошондой эле белгиленген мөөнөттөр аткарылбаса, жооптуу кызматкерлер жеке тартиптик жоопкерчиликке тартылары эскертилди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз