Ишеналы Арабаев — кыргыз арибинин атасы. Ал — улуттук алфавиттин уңгусун түзүп, кыргыз жазуу маданиятын калыптандырган алгачкы агартуучу-илимпоз. Кыргыздын туңгуч басылмасы «Эркин-Тоо», азыркы “Кыргыз Туусу” гезитин чыгарууну демилгелегендердин бири. Басылманын биринчи санына Арабаевдин калемине таандык макала жарыяланган. Анда “… Эми муну бек карма, кыргыз, бек карма!” деп жазган.
Ишеналы Арабаев — “Кыргыз Туусу” гезитинин негиздөөчүлөрүнүн бири.
Белгилей кетсек, “Кыргыз Туусу” гезити 2024-жылы 7-ноябрда 100 жылдыгын белгилеген.
Тарыхы терең “Кыргыз Туусу”
