Мурат Сулаймановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтышты

Белгилүү мамлекеттик жана өндүрүштүк ишмер Мурат Сулаймановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын жакындары кабарлашты.

Мурат Асангазиевич 1960-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарында туулуп, эмгек жолун жөнөкөй мастерликтен баштап, өлкөнүн энергетика жана газ тармагындагы ири жетекчилердин бирине чейин өсүп жеткен. Ал Фрунзе политехникалык институтун бүтүрүп, ар кандай кызматтарда эмгектенип, өзүнүн жогорку кесипкөйлүгүн жана жоопкерчилигин көрсөтө алган.

Ар кайсы жылдары Финансы министрлигинде, ошондой эле “Газпромнефть Азия” жана Газпром Кыргызстан компанияларында жетекчилик кызматтарды аркалап, өлкөнүн күйүүчү май жана газ тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон. Анын жетекчилиги алдында газдаштыруу, инфраструктураны жаңылоо жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылган.

Мурат Сулайманов өзүнүн ишине берилгендиги, жөнөкөйлүгү, адилеттүүлүгү жана адамдарга болгон урмат-сыйы менен айырмаланып, кесиптештери арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон. Ал ар дайым ишти натыйжа менен далилдөөнү артык көргөн, жоопкерчиликтүү жана ишенимдүү жетекчи катары таанылган.

Мындан тышкары, ал спорт тармагына да көңүл буруп, стол теннисинин өнүгүшүнө салым кошкон. Эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы ыйгарылып, бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Мурат Асангазиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы — анын үй-бүлөсү, жакындары, достору жана кесиптештери үчүн орду толгус жоготуу. Анын жаркын элеси жана жасаган эмгеги элдин эсинде түбөлүк сакталат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз