Кыргызстандын Энергетика министрлиги Камбар-Ата ГЭС-2нин №2 гидроагрегатын ишке киргизүүгө даярдык иштерин улантууда. Маалыматта берилгендей, долбоор толук ишке ашкан учурда станциянын кубаттуулугу 120 МВттан 240 МВтка чейин көбөйүп, 2029-жылдын башына карата эки эсеге жогорулайт.
Иштер үч негизги багыт боюнча жүргүзүлүүдө. Биринчи этапта адистер кеңсе имараттарын куруп, жабдуу иштерин аякташты. Ошондой эле турбина боюнча чиймелер бекитилип, генераторду долбоорлоо иштери уланууда.
Экинчи багыт 500 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү жана электр берүү линияларын курууну камтыйт. Бул этапта инженерлер топографиялык иштерди жүргүзүп, изилдөөлөрдү аяктап, жаңыланган геологиялык отчетту бекитишти.
Ошол эле учурда ГЭСтин негизги имараттарын жана суу өткөрүүчү курулмаларды куруу иштери жүрүп жатат. Куруучулар подрядчы уюмдардын жана Fichtner компаниясынын консультанттары үчүн турак жайларды даярдашты. Мындан тышкары өндүрүштүк лаборатория жана бетон түйүнү курулууда.
Долбоор өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, электр энергиясынын жетишсиздигин азайтууга жана тармактын туруктуулугун жогорулатууга багытталган.
