whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.01.2026
-5.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкектен табылган – “Өмүр дарагы”  

Бишкектен табылган – “Өмүр дарагы”  

Бишкектен табылган аялдын көкүрөк жасалгасы – пектораль же “Өмүр дарагы”. Бул күмүштөн жасалган бугулардын турпаты түшүрүлгөн торчолуу каңылтыр бастырма, улуттук музейдин баа жеткис баалуулуктары болуп саналат.

1985-жылы Бишкек шаарынын четиндеги “Красный строитель” кирпич заводунун карьеринин ичинен кокусунан балдар тарабынан көрүстөн табылып, ал жерден 43 предмет чыккан. Анын 8и алтын жасалгалар эле.

Алардын ичинен, аялдын көкүрөк тушуна тагылуучу алтын кооздук пектораль жана баш кийимдин төбөсүнө бекитилүүчү  “Өмүр дарагы” алтын буюму менен  күмүштөн жасалган торчолуу жалпак каңылтырдагы бугулардын турпаты, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө өзгөчө тартып турат.

Жайылган ай формасындагы пектораль – кооздук гана эмес, бийликтин да символун билдирген. Асем алтын кооздук адамдын атактуулугун, күчтүүлүгүн көрсөткөн.  Салтанаттарда көкүрөккө тагылган. О.э. негизинен жоокерлердин алкымын, моюнун жана ийинин согуш учурунда кесүүдөн сактоо максатында да бекитилгендигин, дүйнөдөгү табылгалар жана изилдөөлөр айгинелейт.

Аялдын көкүрөк жасалгасы – Пектораль.
Алтын. Б.э. IV-V кк. Чүй өрөөнү,
“Красный строитель” көрүстөнү

Грек-македондуктар Азияга келгенде күчтүүлүктүн белгисин туюндурган ай түспөлдөнүп кеткен кош мүйүздүү туулга кийип келгендиктен, жергиликтүү эл Александр Македонскийди – Искендер Зуль-Карнайн (кош мүйүздүү) деп тегин жерден аташпагандыгы белгилүү.

Экинчи бир уникалдуу предмет, бак түспөлдөнгөн “Өмүр дарагы”  кооздугу адам жашоосунун түбөлүктүүлүгүн, жашоо уланаарын түшүндүрөөрүн окумуштуулар белгилешет. Кыргызстанда табылган 2 буюмга, алтын бет кептин жүзүнө түшүрүлгөн өмүр дарагы чийими менен ушул дарак сындуу жасалган кооздуктагы окшоштук, ар дайым окумуштуулардын көңүл борборунда болуп келүүдө.

“Өмүр дарагы”  кооздугу. Алтын. Б.э. IV-V кк.  Чүй өрөөнү, “Красный строитель” көрүстөнү

Ошондой эле, күмүштөн жасалган торчолуу жалпак каңылтырга бугулардын турпаты түшүрүлгөн көркөм буюм, суктанарлык табылгалардын ичине кирет. Айбанаттар стили менен декорациялык кооздуктун айкалыштыра жасалган, кийимдин көркүн арттыруу үчүн бастырылып бекитилген баалуу экспонаттардын бири.

Жыйынтыктап айтканда, окумуштуулардын талаштуу ача пикирин жаратып келе жаткан “Красный строитель” табылгасы, усун жана гунн маданиятына таандык деп болжолдонуп, археологдор тарабынан тактоо үстүндө иш жүргүзүлүүдө.

Күмүштөн жасалган бугулардын турпаты түшүрүлгөн торчолуу каңылтыр бастырма. Күмүш. Б.э. IV-V кк. Чүй өрөөнү, “Красный строитель” көрүстөнү

Кыргыз элинин сыймыктанар жана суктанар ушул экспонаттары – кыргыз элинин маданиятынын байлыгын даңазалап келет.

Өмүрбек САМУДУНОВ,
Улуттук тарых музейинин кызматкери.
(Атайын «Кыргыз Туусу» үчүн)

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар