whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.01.2026
-10.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭдиса Бердибаева шахмат боюнча дүйнө чемпиону

Эдиса Бердибаева шахмат боюнча дүйнө чемпиону

Эдиса Бердибаева АКШда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп алып, шахмат боюнча дүйнө чемпиону аталды. Ал мындай жогорку наамга ээ болгон алгачкы кыргызстандык спортчу катары тарыхка кирди.

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Адилет Бөлөков “Кабар” маалымат агенттигине келип, жаш спортчунун жеңиши, ошондой эле облустагы башка жаш жана келечектүү шахматчылар тууралуу маалымат берген.

Анын айтымында, Эдиса мектеп окуучулары арасындагы дүйнө чемпионатында мыкты жыйынтык көрсөтүп, дүйнө чемпиону аталды. Анын бул ийгилиги жалпы эле кыргыз жаштарын, айрыкча мектеп окуучуларын интеллектуалдык спортко болгон кызыгуусун арттырары шексиз.

“Бул ийгиликтүү жеңиш үчүн абдан кубанып жатабыз. Жеңиштин артында чоң эмгек бар. Спортчунун өзү эле эмес, машыктыруучулары, ата-энеси дагы колдоп, чоң жардам көрсөтүштү. Жетишкен ийгиликтер жамааттык эмгектин натыйжасы деп эсептейм. Ысык-Көл облусунда келечекте жогорку көрсөткүчтөргө жетүүгө жөндөмдүү таланттуу жаш шахматчылар бар. Акыркы жылдары облуста шахмат жана тогуз коргоол оюндарына өзгөчө көңүл бурулуп, спортчуларды даярдоо иштери жүрүп жатат. Аймакта тажрыйбалуу машыктыруучулар эмгектенүүдө, алардын аракетинин жыйынтыгында облустун шахматчылары Кыргызстандын курама командасынын негизги өзөгүн түзүшөт. Биздин окуучулар жыл сайын өлкө атынан Азия жана дүйнө чемпионаттарына катышып, ар жыл сайын кеминде 3-4 мамлекетке барып келишет”, – деп билдирген Адилет Бөлөков.

Ал белгилегендей, акыркы 2-3 жылда Ысык-Көл облусунда спорттун бул түрүн каржылоо жакшырган. “Өткөн жылы каражаттын бир бөлүгү жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, демөөрчүлөр да жардам берип, 1 млн. сомго жакын каражат тартууга жетиштик. Ысык-Көл облустук шахмат федерациясы шахмат спортун өнүктүрүү багытында активдүү иш алып баруу-да. Өткөн жылы Каракол шаарында алгачкы ирет Борбор Азия чемпионаты өткөрүлүп, бул чоң жетишкендик болду. Мындан тышкары, шаарда шахмат академиясы жана атайын окуу борборлору ачылды. Жакынкы аралыкта Караколдо интеллектуалдык спорт мектебин ачуу пландалууда. Буюрса шахматтын келечеги чоң”, – деп кошумчалады ал.

Ал ошондой эле жакында Ысык-Көл облусунан төмөнкү 10 спортчу Азия жана дүйнө чемпионатына катышарын айткан.

Уулжан БЕЙШЕНБЕК кызы, «Кыргыз Туусу»

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар