Сергей Лавров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Си Цзиньпин жана Ван И менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Россия Кытайдагы жана башка өлкөлөрдөгү энергия ресурстарынын тартыштыгын толуктоого даяр экенин билдирди.
Анын айтымында, Россия Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам, айрыкча Ормуз кысыгы блокадасынан кийин пайда болгон ресурстардын жетишсиздигин жаба алат.
Лавров белгилегендей, Москва менен Бээжин буга чейин эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга көз карандылыкты азайтуу боюнча альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатышат.
Ошондой эле ал айрым европалык саясатчылар Еврокомиссияны Россиянын энергия ресурстарынан толук баш тартуу планын кийинкиге калтырууга чакырып жатканын айтты.
Россиянын Тышкы иштер министри учурдагы кризисти “татаал түйүн” катары мүнөздөп, аны күч колдонуу менен чечүү мүмкүн эместигин белгиледи.
Өз кезегинде Си Цзиньпин Россия менен болгон мамилени “өзгөчө баалуу” деп атады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Владимир Путиндин Кытайга боло турган сапары да талкууланды. Ал сапар жакынкы убакта, ушул жарым жылдыкта ишке ашары күтүлүүдө. Мындан тышкары, Путин быйыл ноябрь айында өтө турган АТЭС саммитине да катышышы мүмкүн экени айтылды.
