Башкы беткеРубрикаларЭкономика“Кыргызалтын” өткөн жылдагы кирешесин казынага которот

“Кыргызалтын” өткөн жылдагы кирешесин казынага которот

“Кыргызалтын” ААКсынын акционерлери 2025-жылдагы таза пайданын 100 пайызын мамлекеттик бюджетке дивиденд түрүндө төлөө чечимин кабыл алышты.

Бул чечим компаниянын каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылган жылдык жалпы акционерлер жыйынында кабыл алынды.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргызалтындын” кирешеси 20,7 миллиард сомду, ал эми таза пайдасы 18,7 миллиард сомду түздү. 2024-жылга салыштырмалуу пайда 9 пайызга өсүп, компания үчүн рекорддук деңгээлге жетти.

Белгилей кетсек, “Кыргызалтын” ААКсынын негизги акционери — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (акциялардын 99 пайызы), ал эми 1 пайызы Финансы министрлигине таандык.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар