whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.01.2026
-10.9 C
Бишкек
Башкы беткеАналитикаХалалдын баары эле адал эмес

Халалдын баары эле адал эмес

Ата-бабаларыбыз илгертен адал, арамды так ажырата билип, кылымдар бою адал, таза тамак-аш, адал оокат менен күн кечирип келгенин жакшы билебиз. Тактай кетсек, кыргыз уурдалган, бирөөдөн күч менен тартылып алынган, арам жолдор менен табылган азык-түлүктөрдү, бата тиленбей, ооруп өлгөн малдын жана эшек, чочко, кашкулактын этин, сүтүн, ичимдиктерди арам деп эсептеген. СССР убагындагы атеисттик көз караш күчөгөн мезгилдерде дагы элибиз арам оокатка баш-оту менен ыктап кеткен эмес. Союз кулаганы Кыргызстанда ислам дининин таасири өсүп, дин эркиндигинен улам адалдын ордуна арабча “халал” сөзү көп колдонула баштаганы анык. Бүгүнкү күндө халал индустриясы дүйнө жүзүнө кенен жайылып, бизде да олуттуу маселеге айланды. Олуттуу дегенибиз, учурда халал сертификатын берген жеке менчик, мамлекеттик органдар пайда болгондуктан халал мөөрү басылган тамак-аш, кийим-кече, товарлар, кызмат көрсөтүүлөр көбөйдү. Бирок, азырынча мындай сертификаты бар продукция 100 пайыз адал жана коопсуз деп эч ким, эч бир орган кепилдик бере албайт. 

Ошол себептен, ушул теманын күнгөй, тескейине саресеп салууну туура көрдүк.

Халал деген эмне?

Ата бабаларыбыз тутунган ислам дининде халал – Кудай тарабынан колдонгонго, жегенге уруксат берилген деген маанини берет.  “Халал” термини мусулман жашоосундагы тамактануу, кийинүү, жүрүм-турум, каржы жана башка бардык аспектилерди өзүнө камтыйт. Халал азык бул ислам тартиби, эрежеси менен даярдалган, кайра иштетилген азык-түлүктөр. Мисалы, этти алсак мал мууздалып, мууздоо учурунда сөзсүз түрдө дуба айтылышы керек. Андай эттен тамак даярдалганда да ислам тыюу салган кошумча ингредиенттер кошулбашы кажет. Ошону менен бирге эле халал мусулман коомчулугунда арам иштерге  аралашпаган (сойкулук, ушак, жалган айтуу, адам өлтүрүү, уурулук кылуу, бирөөгө зомбулук көрсөтүү ж.б) адамдын адамдык сапатынын белгиси катары да кабылданат. Мындан сырткары, азыр косметика, кийим, финансы, туризм жана башка тармактар үчүн да атайын халал-стандарттар бар. Жалпылап айтканда, халал  – бул жөн эле эрежелер жыйындысы эмес, ислам принциптерин сактоого жана руханий, физикалык жыргалчылыкка умтулууга негизделген жашоо образы.

Мыйзам бар, аны аткарышыбыз керек

Демек, халал сертификаты менен товар чыгарып жаткандар ири алдыда адамдык абийир менен сапаттуу, таза, адам саламаттыгына коопсуз, эл арасында диний карама-каршылыкты жаратпай турган товар өндүрүп, кандайдыр бир күмөн суроолор жаралса ага расмий документ, факты менен жооп бере тургандай болуулары керек. Тилекке каршы, ушул тапта Кыргызстанда ислам, ал тургай медицина тыюу салган кармин, желатин сыяктуу ар кандай химиялык кошулмалар, боёктор кошулган товарларга да халал мөөрү басылып, сатыкка чыгарылып жатканын көрүп жатабыз. Ошол эле кезде алыскы чет өлкөлөрдөн ар кандай азык-түлүк продукциялары “халал серификатын жамынып” кирип жатканы да жашыруун эмес. Бул биринчиден, улут саламаттыгына, экинчиден, диний ишенимге өтө кооптуу.

Баса, халал демекчи, ар кандай жагдайлардан, учурдун талабынан улам 2012-жылы мамлекеттик Халал индустриясын жөнгө салуу борбору түзүлүп, иш жүргүзө баштаган. Андан бери аталган борбор халал тармагы боюнча сертификациялоо жана кеңеш берүү боюнча кызмат көрсөтүп, халал продукциясын жайылтуу иштерин активдүү ишке ашырып келди. Аталган мекеме Польша, Беларусь, Россия, Украина, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Индия жана башка өлкөлөрдөгү кардарлар менен иштешип, кыргызстандык ишкерлерге да эл аралык рынокторго чыгууга көмөк көрсөтүп келе жатат. Ошентсе да азык-түлүк рыногун толук көзөмөлдөө кыйынга туруп, Кыргызстандын соода жайларында, базарларында, майда дүкөндөрүндө адал талабына жооп бербей турган атамекендик, чет өлкөлүк товарлар сатылып жатканы жашыруун эмес. Муну эске алуу менен жана адал индустриясын колдоо, өнүктүрүү максатында 2024-жылы 8-майда Жогорку Кеңеш тарабынан “Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, 19-июнда ага Президент Садыр Жапаров кол койгон. Жалпы 11 беренеден турган бул мыйзамда адал индустриясына тиешелүү учур талабына ылайык эреже, тартиптер киргизилген. Мыйзамдын максаты адал-продукцияны өндүрүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн укуктук негиздерин аныктоо, адал-продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык атаандаштыкка жөндөмдүү, экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүрүү жана экспорттоо, аларга болгон ишенимди жогорулатуу үчүн базалык шарттарды түзүү. Документ адал индустрияны өнүктүрүү, адал продукцияларды маркалоого, адал кызматтарды көрсөтүүгө болгон талаптарды аткаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин белгилейт жана адал индустрия чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган. Азырынча бул мыйзамдын натыйжасын али көрө элекпиз, бирок, ал толук кандуу иштей баштаса жасалма халал маркалоолору жөнгө салынып, сырттан кирген “халал товарлар” да көзөмөлгө алынат деген үмүт бар.

Адал  экенине кантип ишенебиз?

Албетте, адистердин айтымында, халал-индустриясы азыр экономика диверсификациясынын бир бөлүгү жана анын өнүгүшү менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, өлкөбүздүн экспорттук потенциалы жогорулайт. Буга көп жылдардан бери адал продукцияларды чыгарып келе жаткан “Тойбосс” компаниясын мисал кылсак болот. Тилекке каршы, үч-төрт жыл мурун, быйыл да “Тойбосс” колбасаларынан чочконун ДНКсы чыкты деген маалымат чыгып, керектөөчүлөрдү убактылуу болсо да иренжитти. Көбү буга ишенбегени менен, айрымдарында күмөн жаралып калды. Андан көп өтпөй аталган компания жетекчилиги компаниянын продукциялары ондогон көз карандысыз лабораториялардан текшерүүдөн өткөнүн билдирип, изилдөөлөр Казакстандын аккредитациядан өткөн “Еркин талгам” сыноо лабораториясында жүргүзүлгөнүнө басым жасады. Мунун өзү Кыргызстанда азык-түлүктүн адал, таза, коопсуз экенин, эл аралык деңгээлде тастыктай ала турган лаборатория жоктугун көрсөтүп турган жокпу деген суроо жаратпай койбойт. Муну айтканыбыз, чыгарылган продукциянын адал, таза болушу үчүн күн алыс болбосо дагы, жумасына эки-үч жолу эскертүүсүз текшере турган мамлекеттик атайын лаборатория болушу кажет. Болбосо, өндүрүлүп жаткан товар ар күнү адал чыгып жатканына эч ким кепилдик бере албайт. Ошол эле биз күнүмдүк жеп жүргөн Казакстан ундарында, ун азыктарында, Кытай, Украина, Россиядан келген азык-түлүк продукцияларынын курамында эмне бар экенин так айтуу кыйын. Бул бир.

Экинчиден, сырттан келген кондитердик товарлардын курамында ислам дининде арам делген боёк, кошулмалар арбын. Белгилүү журналист Семетей Талас уулу соцтармактарга жазгандай тойлордо дасторкон Россия, Казакстан, Өзбекстан, Украинадан импорттолгон, адал сертификаты жок конфет, шоколаддарга толот. Сертификат болгон күнү да анын адал экенин Кыргызстанда текшерүү, аныктоо кыйын. Ошол эле Кыргызстандагы халал индустриясын негиздөөчүлөрдүн бири, белгилүү журналист Мыктыбек Арстанбек айткандай, сырттан сапатсыз, курамы белгисиз азык-түлүк көп кирет жана кыргызстандыктар сырты кооз таттууларды, тоок эттерин ылгабай жейбиз. Ошол себептен да азыр өлкөбүздө түрдүү оорулар көбөйүп, семиздиктен арыла албай жүргөндөр арбын.

Дагы бир кызык, жакында эле соцтармактарда “Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна кубанычтуу кабар! “Куликов Кондитердик үйү» ЖЧКсы чыгарган кондитердик азыктар расмий түрдө халал сертификатын алды!” деген маалымат чыкты. Алсын, ылайым эле жеген тортторубуз адал болсун. Буга чейин бул компаниянын тортторун жеп эле келгенбиз. Бирок, бул торттордун ингредиенттери, жасалышы, курамы адал экенин кайсыл лаборатория, кандай жол, ыкма менен аныктады?! Бул азырынча талаш суроо. Башка компаниялардын, ишканалардын товарларында деле ушундай маселе бар. Андыктан “Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө” мыйзамындагы эреже, тартиптердин иштеп жатканы ар бир керектөөчүгө жеткиликтүү болушу керек. Ошондо гана элде ишеним бекемделип, саламаттык чыңдалат.

Керкисинде да, кемтигинде да бар

Учурда айрым азык-түлүк чыгарган ири компаниялар товардын адалдыгы, коопсуздугу боюнча маселе козголгондо “Бизде FSSC(Азык-түлүк коопсуздугун сертификациялоо системасы), HACCP (Тобокелчилик жана критикалык көзөмөл чекиттерин анализдөө) сапаттык көзөмөл системасы иштейт” дегенди бетке кармашат. Бул эки системаны дүйнө жүзүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу натыйжалуу система деп эсептешет. Тилекке каршы, бул системалар айтылганы менен Кыргызстанда алардын натыйжалары байкаларлык билине элек. Адал продукция чыгарып жатабыз деген компаниялар ушул системаларды бекем карманганда же сырттан келген азык-түлүк продукциялары ушундай системалардын негизинде кабыл алынганда өлкөбүздө оорулуулар жана ооруканаларда кезек күткөндөр саны азыркыдай арбын болбойт эле. Бул жагынан алганда азыркы мамлекет жетекчилигинин адал индустриясын сапат менен айкалыштыруу, аны мамлекеттик көзөмөлгө алуу аракети колдоого арзыйт. Бул ишти бир эле Адал индустрия-сын өнүктүрүү борбору эмес, Саламаттык сактоо министрлиги, министрликке караштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемологиялык көзөмөл борборлору, КРнын Ветеринардык кызматы, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы, Бажы кызматы жана башка тиешелүү органдар биргелешип ишке ашыруусу керек.

Ошол эле кезде Кыргызстандагы ар бир өзүн мусулманмын деп эсептеген жаран бир нерсени сатып алууда анын курамын, кайдан, качан чыгарылганына маани берүүсү зарыл. Жашырганда эмне азыр акчанын жетишпестигинен, билимсиздиктен, кайдыгерликтен улам ата-энелер өздөрүнө, балдарына колуна тийген тамакты сатып алышат. Башкасын айтпай эле, көчөлөрдөгү, базарлардагы тез татымдарды, кафе, ресторандардагы тамактарды алалы. Алардын адал же арам экенин карабай эле жеп келе жатабыз.

(Уландысы бар)

 

Мелис СОВЕТ уулу,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар