Өкмөт бааларды турукташтыруу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында социалдык маанилүү товарлардын негизсиз кымбатташына жол бербөө үчүн жаңы тартипти сунуштап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документке ылайык, дүкөндөр жана соода түйүндөрү социалдык маанилүү азыктарды сатууда кошулуучу үстөктү 5 пайыздан ашырбоого милдеттүү болот. Эгерде бул товарлар Кыргызстанда өндүрүлбөсө, анда импорттук баага да 5% гана үстөк кошулат. Жергиликтүү өндүрүштүн башка товарларына да ушундай чектөө каралууда.
Өкмөт бекиткен социалдык маанилүү товарлардын тизмеси:
-
биринчи сорттогу буудай уну;
-
биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан, тандыр нан);
-
2,5–3,2% майлуулуктагы сүт;
-
өсүмдүк майы;
-
каймак май (туздалбаган, 72,5%дан аз эмес, кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз);
-
эт (уй эти жана кой эти, сулп этинен башкасы);
-
кумшекер;
-
күрүч (тазаланган, ак);
-
макарон азыктары (вермишель, спагетти, рожки);
-
тоок жумурткасы;
-
жашылчалар (картошка, сабиз, пияз);
-
көмүр;
-
АИ-92 маркасындагы бензин, дизель майы;
-
суюлтулган көмүр-суутек газы (СКГ);
-
минералдык жер семирткичтер (аммиак селитрасы, карбамид, аммофос);
-
айыл чарба жаныбарлары, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттар.
Өкмөттүн маалыматына караганда, бул чаралар керектөөчүлөрдү негизсиз баа көтөрүүдөн коргоого жана ички рынокто атаандаштыкты сактоого багытталган.

