Башкы беткеМаанилүүПрезидент балдар жана аялдарга каршы кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү тапшырды

Президент балдар жана аялдарга каршы кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү тапшырды

Жашы жете элек Айсулууну өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү фактысы боюнча иш президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, коомчулукту кайгыланткан бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчысы терең өкүнүч менен кабыл алды.

«Мамлекет башчысы президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга жоопкерчиликти күчөтүү боюнча өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү керек. Президент айрыкча жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда», — деп жазды Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар